Парламентте "экономикалык өзгөчө кырдаал жөнүндө" мыйзам долбоору үч окууда жактырылды. Документ экономикалык кырдаалда ыкчам чара кабыл алууну шарттайт. Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров өткөн жылы пандемия шартында ыкчам чараларды көрүү үчүн чечкиндүү чечимдерди кабыл алуу үчүн өкмөткө ыйгарым укуктары жетишсиз болуп калганын билдирди.
Мындай кечеңдөө көптөгөн адамдардын өмүрүнө терс таасирин тийгизген. Андыктан экономикада өзгөчө кырдаал жарыялоо боюнча механизм иштелип чыккан.
"Социалдык-экономикалык көйгөйлөр, жумушсуздуктун көбөйүшү, калктын кирешесинин кыскарышы жана жакырчылык деңгээлинин өсүшү сыяктуу экономикалык каатчылыктардын негизги элементтери башыбызга келип отурат. COVID-19 инфекциясынын кесепетинен өлкө экономикасы төмөндөп жатат. Мындай шартта өлкөнүн өнүгүшү ыкчам чечимдерди талап кылат. Экономиканын төмөндөшүн алдын алуу үчүн ушул мыйзам долбоорун иштеп чыктык. Ал кырдаалга ыкчам жооп кайтаруу үчүн инструменттерди биздин колубузга берет", — деди Жапаров.
Өткөн айга салыштырмалуу керектөө бааларынын индексинин өсүшү үч ай катары менен орточо 3,5 пайызга жогоруласа. Ички дүң продукциянын көлөмү мамлекеттик карыздын суммасы белгиленген чектен 10 пайызга ашып кетсе. Үч айдын ичинде ички дүң продукциясын түзүү экономика тармактарынын индекси 10 пайызга кыскарган учурда. Үч айдын ичинде тышкы соода жүгүртүү 10 пайызга кыскарса, Салык төлөмдөрүнүн көлөмү 10 пайызга азайганда жана инвестициялык климат кескин начарлап, эки кварталда чет өлкөгө чыгып кеткен инвестиция 20 пайызга өсүп кеткен учурда өзгөчө кырдаал киргизилет.