Энергетиктер быйыл күз-кышка камылгаларды эртелеп баштаган. Оңдоп-түзөө жана капиталдык ремонт иштери жазында башталган. Учурда Кайназарова менен Жамгырчинов көчөлөрүнүн кесилишинде эски трансформатор кубаттуулугу жогоруга алмаштырылды. Бул 80 үйдү жарык менен камсыз кылат. Мындай иштер бобордо сентябрь айына чейин жүргүзүлөт.
Ал эми борбор калаанын күн чыгыш бөлүгүндөгү “Аламүдүн” көмөк чордону кышка 70 пайызга даяр болду. Жумуштун калган бөлүгү сентябрдын аягына чейин бүткөрүлөт. Энергетиктер бардык иштер план боюнча бара жатканын, суук түшкүчө камылга толук аяктап, кышта маселе жаралбай турганын убадалап жатышат.
Учурда энергетика тутумунда кышка даярдык иштери планга ылайык жүрүүдө. Бүгүнкү күндө 110, 220, 500 киловольттук аба чубалгылар утурумдук оңдоодон, техникалык кароодон өткөрүлдү. 51 көмөк чордондо капиталдык, дагы 153үндө ремонт иштери аяктады. 230 чакырымдан ашык аба чубалгылары капиталдык оңдоодон өттү.
Учурда "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасына караган бул от казан сууктун түшүшүнө толугу менен даяр. Бул мекеме бир катар ооруканаларды жылуулук менен камсыздайт. Бүгүнкү күндө ишканасынын 47 от казаны кышка карата оңдолуп даярдалды, калган 19у 1-октябрга чейин даяр болот. Ал эми 23 от казаны газга которулду.
Белгилей кетсек, ишкана 12 саламаттыкты сактоо мекемесин, 40 мектеп, 14 бала бакча, 600 жүздөн ашык турак жай имаратын жылуулук жана ысык суу менен камсыздайт. Республика боюнча күз-кыш мезгилине болгон даярдык октябрдын соңунда аяктайт.