Жаңылыктар
Ош шаарында электр жарыгын колдонуу көлөмү кескин жогорулады
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарында электр жарыгын колдонуу көлөмү кескин жогорулады

Акыркы 3 ай айда Ош шаарында электр жарыгын колдонуу көлөмү кескин жогорулаган. Жарык белгиленген чектен 34 миллион киловатт-саат ашыкча сарпталган. Бул күз-кыш мезгилдеринде көйгөй жаратышы ыктамылдыгын калаа бийлиги билдирет.

Маалыматка караганда, керектөөчүлөрдүн 80 пайызын калк түзөт. Электр энергиясын үнөмдөө жана анын башка булактарын табуу максатында шаардагы айрым ишканалардын иши токтотулду.

Кышка даярдык боюнча өткөн штабда, жылуулук борборлорунун жана социалдык объектилердин даярдыгы текшерилди. Жылуулук куурларын жаңылоо менен оңдоо, ошондой эле отунду мөөнөтүнөн кечиктирбей камдоо талабы коюлду.

Негизинен шаар тургундарын жылуулук менен эки ишкана тейлейт. Ош Жылуулук электр борбору жана Ош муниципалдык жылуулук камсыздоо ишканасы.

Ош шаарында 630дан ашуун көп кабаттуу турак жай, дагы өз алдынча жылытылган 32 жарым миңдей жер үй бар. Калаада 15тей көмүр саткан жай иштейт.