Жаңылыктар
Ливиянын деңиз жээктеринде 60ка жакын мигрант сууга чөгүп кетти
Кыргызстан жаңылыктары
Ливиянын деңиз жээктеринде 60ка жакын мигрант сууга чөгүп кетти

Жер ортолук деңизинин Ливия тарабындагы жээктеринен кеминде 60 жакын мигрант сууга чөгүп каза болду. Алар Хомс шаарынан кайык менен жолго чыгышкан. Маалыматтарга ылайык, алар отурган кайык оодарылып кеткен. 

18 качкынды жергиликтүү балыкчылар менен Ливиянын деңиз жээктерине кайгуул жүргүзгөн кызматы куткарып калган. Куткарылгандар Нигериянын, Гана жана Намибия мамлекеттеринин жарандары болушкан. Ал эми сууга чөгүп дайынсыз болгондордун сөөктөрүн деңизден чыгарылбай турганы айтылды.

Быйыл күн ысык болгонуна байланыштуу Ливия менен Тунистен мигранттарга толгон кайыктар көп каттай баштады. Качкындардын көбү мындай жол менен жакшы жашоо издеп Европага барууну каалашат.

Адистер качкындардын деңиз аркылуу эски жана жарактан эбак чыккан кеме, кайыктарга олтуруп алып жолго чыгышы адам өмүрүнө кооптуу экенин белгилешет. Алардын айтымында качкындар өз өлкөсүндө куралдуу жаңжалдардын же экономикалык каатчылыктын айынан ушундай кадамдарга барып жатат.