Жаңылыктар
Аламүдүн районунда такси айдоочусуна кол салууга шектелген жарандар кармалышты
Кыргызстан жаңылыктары
Аламүдүн районунда такси айдоочусуна кол салууга шектелген жарандар кармалышты

Аламүдүн районун ички иштер бөлүмүнө 1963-жылы туулган К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2021-жылдын 27-июль күнү такси айдап жүрүп, Бишкек шаарындагы Ош базарынан ага кардарлар отуруп, ГЭС-5 айылына жеткирип коюусун суранган. 

Болжол менен саат 21:00 чамаларында көрсөтүлгөн дарекке жеткен учурда арткы орунда отурган балдардын бири айдоочуга кол көтөрүп, аны муунтуп, дагы бири автоунаанын ачкычын жана телефонун тартып алган. Айдоочу бейтааныш балдардын колунан араң бошонуп, унаасындагы бычакка жетип, өзүн коргогонго аракет кылган. Ошол учурда кол салып жатышкан балдар белгисиз тарапка из жашырып кетишкен. Дароо бул боюнча жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылган. 

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1997-жылы туулган Б.Н., 1992-жылы туулган А.А. жана 2002-жылы туулган Ш.Ж. аттуулар кармалышкан. 

Учурда кармалган жарандардын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча  териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.