Жаңылыктар
“Манас” аэропортунун кирешеси көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
“Манас” аэропортунун кирешеси көбөйдү

Быйыл бир катар авиа каттамдар ачылганына байланыштуу “Манас” эл аралык аэропорту акыркы алты айда 3 млрд 191 млн сомдук киреше тапты. Жүргүнчүлөргө мыкты кызмат көрсөтүп, сапатка иштейбиз деген аба бекеттин жамааты жыл аягына чейин дагы арбын киреше алуу ниетинде. Мурдагы жылы аба майдандын кирешеси 2 млрд сомдон ашса, быйыл алты айдагы киреше андан 34%га жогору болду.