Жаңылыктар
ИИМ мыйзамсыз миграцияга жол бербөө максатында жарандарга кайрылуу жасады
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ мыйзамсыз миграцияга жол бербөө максатында жарандарга кайрылуу жасады

Ички иштер министрлигинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы мыйзамсыз миграцияга жол бербөө жана алдын алуу үчүн жарандарга кайрылуу жасады. 

Кызмат акыркы кезде жарандар чет өлкөлөргө барып мыйзамсыз жумушка орношуп, анын натыйжасында мыйзамсыз миграцияны уюштурган учурлары көп катталып жаткандыгын маалымдайт. Жумуш берүүчүлөрдүн жана башка бул көрүнүшкө аралашкандардын кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында көп жарандарыбыз эмгек акысын өндүрө албай жүрөт. 

Чет өлкөгө кетүүдөн мурда Тышкы иштер министрлигинин маалыматтык-кеңеш борборуна төмөнкү даректер боюнча кайрылса болот. Бишкек шаары, Токтогул көчөсү №237, Жаш Гвардия бульварын кесилиши. Ош шаары, Ленин көчөсү № 221, же www.migrant.kg сайтынан кошумча маалымат алса болот.