Жаңылыктар
Улуттук банк: алтын-валюта кору жетиштүү
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттук банк: алтын-валюта кору жетиштүү

Коомчулукта Улуттук банктын алтын-валюта кору кескин азайып баратат деген маалымат тарап жатканына байланыштуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирүү таратты. 

Ага ылайык алтын-валюта кору 27-июлга карата 2,65 миллиард долларды түзгөн. Бул көлөм товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр импорту минималдуу 3 айга сунушталган шартка карабай, 6 айга жакын импорт көлөмүнүн ордун жабат. Учурда алтын-валютанын көлөмү өлкөнүн макроэкономикалык жана каржылык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жетиштүү көлөмгө ээ. 

Ошондой эле акыркы жылдары өлкөнүн алтын-валюта резервинин көлөмү өсүп жатканы кошумчаланды. Алсак, 2019-жылдын аягында алтын-валюта резервдери 2,4 млрд доллар, ал эми 2020-жылдын соңунда 2,8 млрд долларды түзгөн. 

Белгилей кетсек, алтын-валюта корунун курамына алтын, атайын карыз алышуу укугу, АКШ доллары, евро, англис фунту жана башка чет өлкө валюталары кирет. Көлөм валюталар курсунун өзгөрүшүнө, баалуу металлдарга болгон баага, тышкы карыздарды төлөөгө жана башка факторлорго байланышуу өсүп, ошол эле учурда кыскарышы мүмкүн.