Кыргызстандын аскерлери "Танк биатлону — 2021" эл аралык мелдешине даярданууда. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Иш-чара Россиядагы армия оюндарынын эл аралык таймашынын алкагында 24-августтан 4-сентябрга чейин өтөт.
Министрдин орун басары, Алмазбек Карасартовдун жетекчилиги астында мелдешке жөнөй турчу курама команданын саптык кароосу болду. "Быйыл экипаждарды тандоо жана окутуу 20 636 аскер бөлүгүнүн "Эдельвейс" окуу борборунун базасында жүргүзүлдү. Катаал конкурстук тандоодон өткөн мыкты жоокерлер гана өлкө намысын коргоо үчүн жиберилет. Себеби алар мелдеште эң татаал жолдорду басып өтүшөт.
Танк биатлону — Россияда жыл сайын өткөрүлүп келген аскердик ири иш-чара. Кыргызстан бул мелдешке 2013-жылдан бери катышып, өткөн жылы биздин команданын экинчи экипажы тайпалык баскычта 3-орунду алган.