Жалал-Абад шаарында "Санитардык эрежени сакта, вакцина ал" аталышындагы флешмоб өттү. Шаардык мэрия тарабынан уюштурулган флешмобго мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышты.
Алар борбордук базарда, коомдук тамактануучу жайларда, кызмат көрсөткөн тейлөөчү борборлордо жана коомдук транспорттордо жарандарга вакцина тууралуу атайын баракчаларды таратып, эмдөө тууралуу маалыматтарды беришти.
Эскерте кетсек, эмдөөнү шаарда жайгашкан үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна паспорт менен барып, акысыз алса болот. Эгерде илдетке каршы эмдөөдөн өткөн адамда оорунун белгилери байкалса дарыгерге кайрылуу керек.