Жаңылыктар
Бишкектин беш көчөсү оңдоо жумуштарына байланыштуу жабылат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин беш көчөсү оңдоо жумуштарына байланыштуу жабылат

30-июлдан баштап Бишкектин беш көчөсү оңдоо жумуштарына байланыштуу жабылат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет. 

Жол оңдоо иштери Шабдан Баатыр көчөсүнүн Ауэзов көчөсүнөн тартып Миң-Булак көчөсүнө чейинки 350 метрлик бөлүгүндө жүрөт. Турусбеков көчөсү Боталиев көчөсүнөн тартып Ташкент көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолот. Узундугу 846 метр болгон Тимур Фрунзе көчөсү Гагарин көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин оңдоо үчүн жабылат. Ошондой эле Маликов көчөсү Гагарин көчөсүнөн Алыбаев көчөсүнө чейин оңдолот. 

Реконструкциядан кийин оңдолуучу көчөлөрдө унаа жүрүүчү жолдун туурасы 8 метрден 9 метрге чейин кеңейтилет, тротуарлар жана ирригациялык тармак курулат. Долбоордо Элебаев көчөсүндө унаа токтотуучу жай каралган. Белгилей кетсек, ушу тапта 29 көчөнүн жолдору жасалууда. Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, айдоочулардан алдын ала каттамдарын түзүп алууларын өтүнөт.