Кыргызстанда биринчи жолу мамлекеттик медициналык мекемеге компьютердик томографиядан өткөрүүчү заманбап аппарат алынды. Эми республикалык жугуштуу ооруларды дарылоо борбору ковид -19 илдетинен улам өпкөсү сезгенген жарандарды бекер тартып, оорунун алдын алышат. Буга чейин пандемия маалында жарандар жеке жактарда 4 миң сомго чейин компьютердик томографиядан өтүп түйшүк тартышкан.
Өлкө эгемендик алгандан бери мамлекеттик ооруканаларда компьютердик томография аппараты болгон эмес. Буга чейин рентген аркылуу гана аныкталган диагноз менен дарыланган бейтаптарды эми көп тармактуу томографиялык тасмалардын жардамы менен дартын алдын ала билүүгө болот.
Баасы 34 млн сомдон ашык турган аппарат эл аралык глобалдык фонддун каржылоосу менен алынып, аны орнотуп ишке киргизүү дагы эл аралык уюмдарга жүктөлгөн. Буга чейин бул жабдуу менен иштей турган дарыгерлерди Москвадан адистер келип окутуп анын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп беришти.
Пандемия маалында миңдеген жарандар жеке клиникаларда компьютердик томографиядан өтүү үчүн кезекте турууга аргасыз болушкан. Бишкек шаарында саналуу гана аппарат болгондуктан алар жарандарды убагында тейлегенге жетишпей өлүмдүн саны көбөйгөн. Рентген өпкөнүн 1-2- стадиясындагы сезгенишин аныктай албайт. Мындан улам былтыр көп бейтаптар оорусун кеч билип калып анын жыйынтыгы жүздөгөн курмандыктарга алып келгени жашыруун эмес.
Бул жабдуунун жардамы менен жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан бейтаптар андан сырткары ВИЧ илдетин жуктурган жана кургак учуктан жабыркап атайын тизмеде турган жарандар бекер текшерүүдөн өтө алышат.