Улам технология өнүккөн сайын бардык тармакты санариптештирүү күчөтүлүүдө. Азыр санариптик өнүктүрүү министрлиги эки концепциянын негизинде иштеп жатат. Алар 2023-жылга чейин бардык мамлекеттик мекемелерди санариптештирүү жана санарип экономика концепциялары. Булар боюнча атайын жол картасы түзүлүп, жылдын соңуна чейин социалдык багыттарга өзгөчө көңүл буруу каралган.
Санариптештирүүгө байланыштуу өзгөрүүлөр биринчи кезекте билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо чөйрөлөрүндө байкалышы керек. Себеби, жарандардын көбү ушул багытта кызматтарды алышат. Аталган тармактарды жылдын аягына чейин толук санарипке өткөрүү пландалууда жана бул жумуштар бардык мамлекеттик мекемелерди санариптештирүү концепциясынын алкагында ишке ашат.
Ал эми, санарип экономика концепциясы боюнча документтер электрондук түрдө жүгүртүлөтю. Бүгүнкү күндө “Түндүк” мекемелер аралык өз ара аракеттенүү системасына кошулган 100дөн ашык министрлик менен мекемеден 120 маалым кат алууга болот. Ал үчүн жарандарга “Түндүк” мобилдик тиркемеси жана электрондук кол тамга керек.