Кыргызстан бардык өнөктөш мамлекеттер менен саясий байланыштарын бекемдеп, аны жаңы деңгээлге чыгарунун аракетинде. Мындай пикирин тышкы иштер министри Руслан Казакбаев элчиликтердин жетекчилерине, Кыргызстандын эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлдөрүнө жана башкы консулдарга болгон кайрылуусунда билдирди. Видеоконференция форматында өткөн жыйында Президент тарабынан бекитилген Каатчылыкка каршы пландын аткарылышы талкууланып, жыйынтыктар чыгарылды.
Кыргызстандын бир нече өлкөлөрдөгү элчилери, консулдар жана эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн видеоконференцияда президент тарабынан бекитилген Каатчылыкка каршы чукул пландардын аткарылышы күн тартибиндеги негизги маселелердин бири болду.
Тышкы иштер министри, акыркы жарым жыл ичинде тышкы саясий мекемелердин иш аракеттери экинчи каатчылыкка каршы программаны ишке ашырууга багытталганын белгиледи. Анын ичинен президенттен коңшу жана чет мамлекеттерге болгон расмий иш-сапарларынын жыйынтыктары жемиштүү болду.
Руслан Казакбев президенттин Кытай Эл Республикасынын төрагасы, араб мамлекеттеринин падышалары жана Ооганстан баштаган бир катар мамлекеттердин башчылары менен болгон телефондук сүйлөшүүлөрүн эске салып, анда дагы эки жана көп тараптуу алака маселелери көтөрүлгөнүн белгиледи. Өз кайрылуусунда тышкы иштер министри башка өлкөлөр менен саясий байланыштарды бекемдеп, эң негизгиси азыркы оңой эмес кырдаалда экономикалык кызматташтыкка басым жасоого чакырды.
Чет мамлекеттер менен мамиледе элчилердин, башкы консулдардын орду абдан чоң. Андыктан өлкө жетекчилиги тарабынан коюлган бардык тапшырмалар кынтыксыз аткарылууга тийиш. Коронавирус пандемиясында тышкы саясий мекеме жетекчилерине жоопкерчилик эки өсүп, ички жана тышкы саясат, коопсуздук маселелеринде да алардын салымы абдан маанилүү экени белгиленди.