Жаңылыктар
Президент экспорттун көлөмүн көбөйтүү багытында иштерди колго алуу үчүн Министрлер Кабинетине тапшырма берди
Кыргызстан жаңылыктары
Президент экспорттун көлөмүн көбөйтүү багытында иштерди колго алуу үчүн Министрлер Кабинетине тапшырма берди

Ата мекендик өндүрүшчүлөргө жалпы жеңилдик берүү системасынын алкагында Европа рыногуна чыгууга колдоо көрсөтүлөт. Бул багыттагы иштерди көзөмөлдөп, экспорттун көлөмүн көбөйтүү багытындагы иштерди колго алуу үчүн Садыр Жапаров Министрлер кабинетине тапшырма берди. Программанын алкагында 5 миңден ашык товардын түрүн кошумча төлөмсүз АКШ аймагына экспорттоого болот.

Жыл сайын 200 тоннадан ашык балды сыртка саткан ишкерлер экспорттун көлөмүн дагы арттыруунун аракетинде. Алардын айтымында экспорттун эбин табууга мүмкүнчүлүктөр көп. Анын үстүнө кыргыз балына 40дан ашык мамлекетте суроо талап жогору жана жыл сайын кардарлардын саны артууда. Товардын сапаты да мыкты. Эл аралык көргөзмөлөрдө кыргыз балы татыктуу орунду камсыздап келет. 

АКШ бир канча жылдан бери өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге колдоо катары кошумча салыксыз товар экспорттоого мүмкүндүк берет. Жалпы жеңилдетүү системасынын алкагында Кыргызстан 5 миңден ашык товардын түрүн сатса болот. Ал үчүн өңдүрүлгөн товардын баары эл аралык талапка жооп бериши керек. 

АКШнын мындай мүмкүндүгүн кеңири пайдалануу үчүн өлкө башчы Министрлер кабинетине тапшырма берип, сапаты мыкты товардын баарын сырткары сатууга колдоо көрсөтүү зарыл экендигин белгиледи. Ал үчүн биринчи кезекте эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ташып жеткирүүнүн ыңгайлуу жактарын карап чыгуу зарыл. 

Учурда тиешелүү мамлекеттик органдар кошумча салыксыз АКШнын рыногуна товар жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштады. Жалпы жеңилдик берүү системасынын алкагында жылдык экпорттун көлөмүн бир нече эсеге жакшыртууга болот.