Жаңылыктар
Өлкөдө эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда

Өлкөдө эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Бул тууралуу республикалык вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө боюнча илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов брифинг учурунда билдирди. 

Айтымында, март айы менен июль айын салыштыра келгенде, айырма 10 эсе жогору. Башкача айтканда, марттын бир жумасында 701 учур катталса, 18нен 25-июлга чейин 7 миң 804 адам илдетти жуктурду. Бирок акыркы жумада оорунун бир аз төмөндөшү байкалууда. 

Статистикага караганда COVID-19дун толкуну кайтып, бир күндө 900 учур катталууда. Эгерде ушул калыпта кетсе, бир жумада 7 миң учур болот. Биздин божомолго ылайык, мындан ары коронавирус жуктургандардын саны кыскарат, деди,- Нурматов.