Бишкектин экс-вице-мэри Азамат Сагындык уулу 27-сентябрга чейин камакта болот. Тийиштүү чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту кабыл алды.
Буга чейин УКМКнын кызматкерлери тарабынан Бишкек мэриясынын дагы бир кызматкери кармалган. Экс-вице-мэр менен мэриянын кызматкери оңдолуп жаткан Түгөлбай-Ата көчөсүнүн реконструкциялоо долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн жолдун боюнда жайгашкан соода объектисин сактап калуу аракетинде кафенин ээсинен 9 миң доллар өлчөмүндө пара алышкан.