Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын райондордогу көчмө кабылдамалары Талас суусунун жээгинде жана айылдардагы агын суу, көлмөлөр, атайын бассейндерди кыдырып күн ысыкта сууга түшүп жаткан жарандарга, жаш балдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Рейддин жүрүшүндө көпчүлүк өспүрүмдөр ата-энелеринин көзөмөлү жок өз алдынча суу жээгинде сууга түшүп жүрүшкөнү аныкталды. Милиция кызматкерлери аларга суунун күчтүү агымына, тереңине баруудан этият болууну түшүндүрдү.
Былтыр Талас облусунда тогуз адам сууга түшүп каза болгон. Анын бешөө балдар. Быйыл жаз башынан бери 6 адам болсо, 4өө жаш балдар. Милициялар жарандарга, анын ичинде ата-энелерге сак болууну эскертүүдө.