Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы майнинг-фермалардын иши боюнча түшүндүрмө берип, алар өлкөдөгү энергетикалык кризистин жаралышына себепкер болуп жатканын белгиледи.
2017-жылдан тарта долларга карата криптовалютанын курсу кескин өскөндө Кыргызстанда арзан электр энергиясын колдонгон "майнерлердин" толкуну пайда болгон. Өлкөдө майнинг-фермалардын саны көбөйүп, аны менен катар электр энергиясын керектөө жогорулады. Бул өлкөдөгү энергетикалык кризиске алып келген себептердин бири болуп саналат. Алсак, 10 000 даана майнинг-ферма күнүнө орто эсеп менен 4 миллион 80 миң кВт электр энергиясын сарптайт, бул 40 миң калкы бар бир райондун керектөөсүнө барабар.
Өлкөдө электр энергиясы тартыш болуп жаткандыктан, "Улуттук энергохолдинг" компаниясы майнинг иштерин жүргүзүү максатында техникалык шарттарды берүүгө убактылуу тыюу салган. Бирок ага карабай майнинг-фермалар жашыруун түрдө иш жүргүзүп келишкен.
Белгилей кетсек, жеке чакан ГЭСтердин эсебинен иштеген майнинг-фермалардын иши мыйзамсыз деп эсептелбейт.