ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлери катуу жааган жамгырдан жабыр тарткан Жалал-Абад облусунун айылдарына барышып жардам көргөзүштү. Бул тууралуу ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматы билдирди.
“Шумкар” атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад облусунда жайгашкан өзүнчө ротасынын кызматкерлери катуу жааган жамгырдан жабыр тарткан айылдарга барышып жардам көргөзүштү. Жалал-Абад облусунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам, Кара-Дарыя айылындагы бир канча турак үйдү суу каптап, айыл тургундарына ыңгайсыздыкты жаратты.