"Манас" эпосундагы каармандардын ысымын ичимдиктерге жана тамекиге койбоо маселеси кайрадан талкууга түштү. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “материалдык эмес маданий мурастар чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Мыйзамдын жаңы долбооруна ылайык алкоголь жана тамекиге "Манас", "Семетей" жана "Сейтек" ысымдарын колдонууга тыюу салынат. Быйыл жыл башында Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети "Манас" эпосу жөнүндө мыйзам долбоорун караган. Мыйзамдын максаты эпоско байланыштуу баалуулуктарды сактоо, жайылтуу, изилдөө жана Манас деген ысымды коммерциялык жана башка максаттарда пайдалануу аракеттерин тескөө.