Жаңылыктар
Алты жашар Болоттун операциясына тез арада каражат керек. Кайдыгер болбой жардамга кол суналы
Кыргызстан жаңылыктары
Алты жашар Болоттун операциясына тез арада каражат керек. Кайдыгер болбой жардамга кол суналы

Алты жаштагы Болот Ырысов 3 жылдан бери “кекиртектин папилломатозу” оорусунан жабыркап келет. Сөөл кекиртекке жана үн чыгаруучу жерге чыккандыктан бала өз алдынча дем ала албайт. 

Ар бир 2-3 айда сөөлдү операция жолу менен тазалатып турушат. Болотко 2019-жылы трахсостома жасалып, ошондон бери түтүкчө менен дем алат. 3 жыл ичинде жалпы 20дан ашык операцияны башынан кечирди. Февраль айында Болоттун ата-энеси Алматыга келген италиялык профессордун кабыл алуусунда болушкан. Дарыгер операция жолу менен баланы толугу менен айыктырса болоорун, үнү чыгып, өз алдынча дем ала турганын айткан. Операция 17 миң евро турат.

Дарыгердин эмдиги кабыл алуусу август айынын башында болот. Эгерде тийиштүү каражат топтолсо операция жасалып баланы бул оорудан айыктырса болот. Болоттун ата-энеси кайдыгер эмес жарандардан жардам күтөт.

Каражат которуу үчүн:
ЭЛСОМ – 0509 556605
Демир банк: 1180000154800486 – USD
1180000155567089 – EUR
1180000155557190 – TRY
1180000154800587 – RUB
1180000154800385 – KGS