Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы "Алтын кум" пансионатынын аймагында көлдөн аквапаркка суу соруучу 500 мм диаметрлик куур 18 жаштагы жигитти соруп кеткен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жерине төрт куткаруучу, бир экскаватор, ИИМден 30 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылган.
"Алар түтүктү кесип, маркумдун сөөгүн алып чыгышкан. Каза болгон адамдын сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлгөн", - деп айтылат маалыматта.