Жаңылыктар
Тыюу салынган диний уюмдун мүчөсү болгон Жалал-Абад облусунун тургуну кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Тыюу салынган диний уюмдун мүчөсү болгон Жалал-Абад облусунун тургуну кармалды

Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы Кыргызстанда тыюу салынган диний уюмдардын биринин мүчөсү, буга чейин соттолгон Жалал-Абад облусунун 41 жаштагы тургунун кармады. 

Сотко чейинки жүргүзүлгөн өндүрүш иштеринин натыйжасында кармалган аял экстремисттик маанидеги материалдарды социалдык түйүндөр аркылуу жайылтканы аныкталып, анын бул кадамы жазык кодексинин "Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу" боюнча 315-беренесине ылайык экспертизага жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгында, таркатылган материалда экстремисттик маанидеги чакырыктар камтылганы аныкталган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иши улантылууда.