Жаңылыктар
ӨКМ: Ош - Араван каналына түшүп кеткен 15 жашар кыз аман калып, эже-сиңди каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМ: Ош - Араван каналына түшүп кеткен 15 жашар кыз аман калып, эже-сиңди каза болду

Ош — Араван каналына 15 жаштагы кызды куткарабыз деп түшкөн эже-сиңди каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, окуя 27-июль күнү Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагында болгон. 

ӨКМге үч аялдын Ош - Араван каналына чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн төрт куткаруучу тартылган. Алар жеткенге чейин эки аялдын сөөгү сыртка чыгарылган, — деп айтылат маалыматта. Ал эми 15 жаштагы кыз аман калган.