Жаңылыктар
Ош шаардык мэриясында эттин баасын арзандатууга байланыштуу кеңешме өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаардык мэриясында эттин баасын арзандатууга байланыштуу кеңешме өттү

Ош шаарында эттин баасы килограммына 480 сомго түшөт. Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты. Маалыматка караганда, мэрияда эттин баасына байланыштуу кеңешме өтүп, ага жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери, эт сатуучулар жана фермерлер катышты. 

Биринчи вице-мэр Замир Юсуповдун айтымында, эттин баасы килограммына 500 сомго чейин кымбаттаган. Шаар тургундары социалдык тармактар аркылуу эттин баасын арзандатуу өтүнүчү менен мэрияга кайрылган.Ал эми Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Ниязбек Мойдинов аймакта эт олуттуу себеби жок эле кымбаттап кеткенин айтты. Кеңешменин жыйынтыгында 30-июлдан тарта эттин баасын килограммына 480 сомго түшүрүү чечими кабыл алынды.