Жаңылыктар
Кыргызстан - Сербия: табият кырсыктарын алдын алуудагы кызматташуу маселеси талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан - Сербия: табият кырсыктарын алдын алуудагы кызматташуу маселеси талкууланды

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Сербиянын Ички иштер министри Александр Вулин менен жолугушту. Анда эки өлкө ортосундагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу багытында кызматташууну өркүндөтүү, жакшыртуу боюнча пикир алмашуу болду. 

Жолугушуу эки тараптуу кызматташууну жаңы тепкичке көтөрөөрүн, өзгөчө кырдаалдарды натыйжалуу башкарууну жана табигый кырсыктардын коркунучун азайтууга жакшы натыйжа берээри баса белгиленди. Вулиндин демилгеси менен Ажикеев Жакынкы Чыгыш жана Африка өлкөлөрүнөн келген качкындарды кабыл алуу лагеринин иши, 2012-жылы түзүлгөн орус-серб гуманитардык борбору менен таанышты. Борбор Сербияда, Европа өлкөлөрүндө ири масштабдагы өзгөчө кырдаалдар учурунда гуманитардык жардам көрсөтөт.