Жаңылыктар
Бишкек - Кара - Балта жолун оңдоо иштери 2022-жылы бүтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек - Кара - Балта жолун оңдоо иштери 2022-жылы бүтөт

Бишкек - Кара - Балта жолунун 7 чакырым 400 метр тилкесин оңдоо иштерин толук бүткөрүү 2022-жылдын ноябрына пландалган. Бул тууралуу маалымат жыйынында Транспорт жана коммуникация министрлигинин инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунунун инженер-жолчусу Султан Сарбагышев билдирди. 

Тилкени реконструкциялоого келишим негизги унаа жолдорун реконструкциялоону каржылоо боюнча Азия өнүктүрүү банкынын үнөмдөлгөн каражатынын эсебинен өткөн жылы кол коюлган.

Мындан тышкары, Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун 272-365- чакырымдарын реконструкциялоо долбоорунун унөмдөлгөн каражатына 2019-жылы Ат - Башы районунун борбордук көчөлөрүн капиталдык оңдоого жана Он - Арча – Жаңы -Талап – Ашырма унаа жолдорун оңдоого 8,6 миллион долларына кошумча келишим түзүлгөн.