2021-жылга жалпы пайдалануудагы жолдорду оңдоо жана күтүү үчүн 690 млн сом каралган. Бул тууралуу маалымат жыйында транспорт жана коммуникация министринин орун басары Нурланбек Кайыңбаев билдирди.
Анын маалыматы боюнча, капиталдык салым беренеси боюнча 1 млрд 50 млн сом каралган. Анын ичинде Балыкчы – Корумду жолун реконструкциялоого 200 млн, Баткен облусундагы айланма жолду курууга 319 млн, калган объектилер боюнча 354 млн сом каралган.
«6 айдын жыйынтыгы менен жол тармагын каржылоо 950 млн сомду, же 57%ды түздү. Учурдагы бюджет боюнча каржылоо 68,5%, же 414 млн сом болду. Мамлекеттик капиталдык салым беренеси боюнча 535,8 млн сом, тагыраагы 51%ды түздү. Быйыл пайдалануудагы жолдорду оңдоо жана күтүүгө өткөрүлгөн катарлаштыруунун жыйынтыгы боюнча 600 млн сом каралган. 2020-жылдын 6 айында 370 млн сомго жол оңдоп-түзөө иштери аткарылган. Жол ондоо иштери 5 миң км аралыкта жүргүзүлгөн»,- деди Кайыңбаев.