Жаңылыктар
Кыргызстандын Борбор Азиядагы каржылык борборго айланууга толук мүмкүнчүлүгү бар
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын Борбор Азиядагы каржылык борборго айланууга толук мүмкүнчүлүгү бар

Кыргызстан Борбор Азияда каржылык борборго айлана алат. Буга толук мүмкүнчүлүк бар. Бул тууралуу заманбап финансылык технологияларды киргизүү боюнча маалымат жыйында белгиленди. 

Муну сунуштап жаткан эл өкүлдөрүнүн айтымында, каржылык борборду түзүү үчүн финансылык технологиялардын ишмердүүлүгүн башкаруу чөйрөсүндө мыйзам долбоорун кабыл алуу керек. Эгер компаниялар Кыргызстанда өз иштерин каржы технологиялар жаатында жүргүзүшсө, анда жарандардын аманаттарын алтын менен сактап калуу мүмкүнчүлүгү бар.

Алтын дайыма кымбаттап тургандыктан, ишенимдүү актив болуп саналат. Пенсиялык фонд дагы 5-10 жылдан кийин жок болушу мүмкүн деген божомол бар. Ошондуктан учурда жарандардын топтоо фонду арзандап бара жатат. Мындан улам пенсияга байланыштуу айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу айтылып, мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлганы белгиленди.