Ордо калааны жашылдандыруу, транспорт, экология, жылытуу мезгилине даярдык, курулуш иштери боюнча маселелер Бишкек мэриясы өткөргөн биринчи жарым жылдын жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында айтылды. Жыйынга 20 дан ашык жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышып, ар тараптуу суроолорго жооп алышты.
Бишкекте тамчылатып сугаруу системасы киргизилүүдө. Алгач пилоттук долбоор катары борбордун айрым жерлерин сугаруу иши башталды. Мэриядан белгилегендей, эки ай бою суу көйгөйү жаралды. Акыркы 10 күндө гана суу берилип, азыр сейил бактар сугарылып жатат.