Жаңылыктар
Тараз-Талас-Суусамыр жана Ош-Баткен-Исфана жолдорун реконструкциялоо боюнча долбоорлор жыйынтыкталат
Кыргызстан жаңылыктары
Тараз-Талас-Суусамыр жана Ош-Баткен-Исфана жолдорун реконструкциялоо боюнча долбоорлор жыйынтыкталат

Жакынкы убакта Тараз - Талас - Суусамыр жана Ош - Баткен - Исфана жолдорун реконструкциялоо боюнча эки ири долбоор жыйынтыкталганы турат. 

Унаа жана байланыш министрлигинин кызматкерлери учурда аткарылып жаткан жумуштар жана долбоорго бөлүнгөн каражаттар тууралуу маалымат беришти. Ал эми Жарандык авиация агенттигинин өкүлдөрү эл аралык каттамдардын көбөйгөндүгүн билдиришти.

Транспорт жана байланыш министрлиги быйыл 4 көпүрө салууну пландаган. Учурда анын үчөөндө курулуш жумуштары жүрүп жатат. Мамлекеттик капиталдык салымдар беренеси боюнча жолдорду салууга 1 млрд 50 миллион сом каралган. Анын ичинде Балыкчы-Корумду жолун реконструкциялоого 200 миллион сом, Баткен облусундагы айланма жолду курууга 319 миллион сом, калган беренелер боюнча 354 миллион сом бөлүнгөн. Ошентип быйылкы жылга министрликтин бюджети 1 миллиард 655 миллион сомду түзгөн.