Нарын облусунда сугат суу тутумун өнүктүрүүдө алгылыктуу жумуштар аткарылып жатат. 9 суу чарба объектилерин куруу иштери жүрүп, анын экөө пайдаланууга берилди. Аны менен катар бир катар сугат суу каналдары оңдолду. Адистердин айтымында, беш жылга чейин бул тармактагы болгон көйгөй чечилет.
Эмгекчил айылында жаңыланып жаткан “Эчки-Башы” каналынын узундугу үч жарым чакырымды түзөт. Тоо бетин кырдап өткөндүктөн жумуштар бир аз оорлошуп жатканын куруучулар эскертишти. Иштер толук аткарылып, канал пайдаланууга берилсе, 1181 гектар жерге сугат суу толук жетет. Жалпы сметалык баасы 35 миллион сом, аны “Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана тамак ашты жакшыртуу” долбоору аркылуу каржыланып жатат.