Баш калаада Президентке караштуу Актикоррупциялык ишкердик кеңешинин биринчи жыйыны өтүп жатат. Кеңештин жетекчиси Нурийпа Муканова кеңештин максаттары жана милдеттери тууралуу кыска айтып берди.
Жаңы түзүлгөн кеңештин максаты коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын жакшыртуу, коррупцияга каршы аракеттенүү маселесинде мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу диологду камсыздоо, инвестициялык климатты жана ишкерлердин ишмердүүлүн коргоо жана колдоо механизмдерин жакшыртуу болуп саналат.
Муканованын айтымында, жарандык коомдун өкүлдөрү дагы кирген кеңештин мүчөлөрү өздөрүнүн сунуштарын бере алышат, алар президенттин төрагалыгы астында каралат. Кеңештин чечимдери сунуш берүүчү мүнөздө болуп, ал эми аларды ишке ашыруу боюнча катчылык иш алып барат.