Жаңылыктар
Бишкек мэриясында жаңы экономикалык саясат киргизилүүдө - Бактыбек Кудайбергенов
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек мэриясында жаңы экономикалык саясат киргизилүүдө - Бактыбек Кудайбергенов

Бишкек шаарынын мэриясында жаңы экономикалык саясат киргизилүүдө. Бул тууралуу Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов билдирди. 

Анын айтымында, жумуш эки багытта жүргүзүлөт. Биринчиси бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү, экинчиси бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу. 

“Биринчи багыт Бишкек шаарындагы ишкердик субъектилердин так санын аныктоо үчүн инвентаризациялоону камтыйт. Азыркы учурда Октябрь районунун аймагындагы ишкердик субъектилеринин жайгаштырылышын санариптик картага түшүргөндө 7 миңге жакын субъект киргизилди", - деди Кудайбергенов. 

Экинчи багыт чыгымдарды азайтууга мүмкүндүк берген санариптештирүү тутумун киргизүү. Анда "Өндүрүштүк жумуштарды эсепке алуу" программасын ишке ашыруу шаардын жашоосун камсыз кылууга багытталган эмгек чыгымдарынын так көлөмү жөнүндө маалыматтарды берет. Мисалы, "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасында канча жумушчу бар, алар кайда экендигин, канча таштанды чыгарылгандыгын, канча унаа жана атайын техника сапта турарын, күйүүчү майдын сарпталышын билебиз. Бул бизге кошумча чыгымдарсыз иш жүзүндөгү чыгымдарды аныктоого мүмкүндүк берет. Белгилей кетсек, Бишкектин 2021-жылга бюджети 10 миллиард 231 миллион сомду түзөт.