Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов ИИМдин башчысынынын тапшырмаларын аткаруу жана туристтик мезгилди өткөрүү учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы жол тескөөчүлөрдү текшерүүгө алды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди. Текшерүү учурунда жол кыймылынын эрежелерин сактоо, туристтик мезгил учурунда жол-транспорттук кырсыктарды азайтуу жана жол кыймылынын коопсуздугу маселелери боюнча алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү үчүн комплекстүү чараларды ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи. Андан сырткары, кызматкерлердин кызматтык документтери, төш белгилери, сырткы келбети, облус жана район аймагындагы ыкчам кырдаалды билүүлөрүн сурады. Кызматкерлер менен маектешүүнүн жүрүшүндө аларга кызмат өтөө учурунда жеке коопсуздук чараларын катуу сактоо керектигин айтып, кызматкерлердин ден соолугуна өзгөчө көңүл бурду.