Калкты массалык түрдө эмдөө максатында 914 убактылуу эмдөө пункту ачылды. Мунун 646сы - мамлекеттик медициналык мекемеде, 10у - жеке медициналык, 100ү - жалпы билим берүү, 12си - соода-оюн зоок, дагы 12си - маданий-спорттук жайларда, 31и базарларда жайгашып, 103 мобилдик топ бар. Республикалык штаб билдиргендей, Бишкек шаарындагы №15, №5 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда, Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы шаардык оорукана, Курманжан Датка, 122 дареги боюнча жайгашкан тез жардам станциясы, Курманжан Датка, 157 дарегиндеги шаардык оорукананын эски имаратында, Ысык-Көл облусу Каракол шаарындагы медициналык колледж, Жалал-Абад облусундагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда ачылган пункттар күнү-түнү иштейт.