Жаңылыктар
Баткен: Өзгөчө макамдан жанган үмүттөр
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен: Өзгөчө макамдан жанган үмүттөр

“Баткен облусуна өзгөчө макам берүү жөнүндө” демилгеленген мыйзам эл өкүлдөрүнөн колдоо тапты. Биринчи кезекте эле аймактагы ишкердик менен алектенгендердин үмүтү жана баштады. Анткени, аталган мыйзам күчүнө кирсе, Баткенде чек арага жакын аймактарда иштеген ишканалар жер салыгынан, мүлк, пайдага жана сатуудан түшкөн салыктан бошотулат.

Баткен облусу борбордон гана алыста жайгашып калган аймак эмес. Эки өлкө менен чектешип, чек ара маселелери курч аймак. Анын таасиринен облуста жумушсуздук да башка аймактарга салыштырмалуу күч. Мындан улам мамлекеттин түздөн-түз колдоосуна жана өзгөчө көңүл буруусуна муктаж.
 
Кайсыл гана тармак болбосун өнүгүп кетүүсү үчүн бир канча факторлордун таасири тийет. Атайын мыйзам кабыл алынып, өнүктүрүү программасынын түзүлүшү жаш облустун экономикалык- социалдык маселелеринин чечилишине салым кошулат. Ошол эле учурда жергиликтүү ишкерлерден да аракет болушу керек деген пикирлер бар.
 
Ошондой эле, беш жылдан он жылга чейин киреше салыгына жеңилдик берүү каралган. Мындан тышкары инвестициялык жана мамлекеттик сатып алуу боюнча өзгөчө режим киргизилет.