Жаңылыктар
С. Жапаров ИИМге жол кырсыктарынын алдын алууну күчөтүүнү тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
С. Жапаров ИИМге жол кырсыктарынын алдын алууну күчөтүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине жол кырсыктарынын алдын алууну күчөтүүнү тапшырды. 

Мамлекет башчы акыркы убакта үрөй учурган жол кырсыктары көп катталып, өмүрлөр кыйылып жатканын жана жарандардын өмүрү баарынан кымбат экенин белгиледи. Андыктан ИИМ жол кыймылынын баардык катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоону күчөтүүнү талап кылды. Ошондой эле жайкы туристтик мезгилде Ысык-Көлдү карай унаалардын агымы көбөйөт. Мамлекет башчы жарандарды жол эрежесин так сактоого, айдоочуларды жол кыймылынын башка катышуучуларын сыйлоого чакырды.