Жаңылыктар
Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн вакцина алды
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн вакцина алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июлда, уулу менен коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өттү.

Мамлекет башчысы менен анын уулу коронавирус инфекциясына каршы вакцинанын биринчи дозасын борбордогу мобилдүү эмдөө пункттарынын биринде алышты. Мамлекет башчы кыргызстандыктарга кайрылып, вакцина алуу чечими ар бир адамдын жеке каалоосу экенин, эч кимди иммунизацияга мажбурлабастыгын айтты. Анын айтымында, акыркы убактарда коомчулукта ар кандай чындыкка дал келбеген маалыматтар, анын ичинде коңшу өлкөлөр Кыргызстанга бекер вакцина берип, өлкө калкынын 70% ын эмдөөдөн өткөрүүнү талап кылып жатат деген туура эмес маалыматтар тарап жатат. Садыр Жапаров Кыргызстан бюджеттик каражаттын эсебинен Кытайдын Синофарм вакцинасынан 1,1 миллион доза сатып алгандыгына көңүл бурду. Буга чейин Кытай бийлиги жалпысынан аталган вакцинанын 300 миң дозасын Кыргызстанга кайтарымсыз берген, бул үчүн кыргыз тарап аларга ыраазычылыгын билдирет. Мындан тышкары, Россия Федерациясынан 120 миң доза вакцина сатылып алынган, ал эми 10 миң доза вакцина кайтарымсыз негизде берилген. Бул үчүн дагы кыргыз тарап ыраазычылыгын билдирет. Мамлекет башчысы жакын арада Синофарм вакцинасынан 1 млн 250 миң доза кошумча партия сатылып алынарын баса белгиледи. Буга байланыштуу ал кыргызстандыктарга кайрылып, эл арасында тарап жаткан ушак-айыңдар менен жалган маалыматтарга ишенбөөгө үндөдү.