Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов бүгүн расмий кызматка киришти.
Дубандын жаңы жетекчисин жамаатка Президенттин Администрациясынын Уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Жаныбек Жалалов тааныштырды. Ал, жаңы жетекчинин тажырыйбасы мол экенин, элет элинин жашоосун жакшыртууга болгон күчүн жумшай турганын билдирди. Ошондой эле, калктын саламаттыгы - эмдөө өнөктүгүнө өзгөчө көңүл бурулаарын кошумчалады. Өз кезегинде, Жамалдинов санариптештирүүгө, алыскы аймактын социалдык дараметин көтөрүүгө кыска убакыттын ичинде атайын иш пландар иштелип чыгаарын билдирди. Зиядин Жамалдинов 1966-жылы 12-июнда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Жал айылында туулган. Жогорку билимдүү.