Калаа бийлиги жүргүнчүлөрдү ташыган фирмаларга жаңы эрежени киргизүүнү сунуштоодо. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Анда коомдук транспорттогу тазалык менен техникалык абалы, каттамдын жүрүү мөөнөтү, айдоочулук маданият, жол эрежесин сактабагандыгына байланыштуу көптөгөн нааразылыктар камтылган. Иштеп турган эрежеде Кыргызстандын укуктук-нормативдик актыларда жазылган эрежелерди аткаруу эл ташыган кичи автобустарга милдеттендирилген эмес. Жол кире төлөөнүн альтернативдик түрлөрү жок болгондуктан, “коомдук транспортто электрондук акы төлөө” долбоору ишке ашпай келет.
Учурдагы эрежелер шаардык каттамдарды өзгөртүү тартибин, шаардыктардын жеңилдетилген категорияларын ташуу үчүн муниципалдык транспорт ишканаларына төлөнүүчү субсидияларды эсептөө тартибин жөнгө салбайт. Мэриядан кошумчалашкандай, долбоор жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатын жогорулатуу, Кыргызстандын укуктук-нормативдик актыларына дал келтирүү максаты коюлган.