Жаңылыктар
Жыл башынан бери суудан каза болгондордун саны 88ге жетти
Кыргызстан жаңылыктары
Жыл башынан бери суудан каза болгондордун саны 88ге жетти

Өлкөдө сууга чөккөндөр көп  катталууда. Жыл башынан бери суудан каза болгондордун саны 88ге жетти. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 44 адамга көп. Мындай көрүнүшкө ата-энелердин кайдыгерлиги дагы себеп болууда дешет адистер. Мындан улам Ички иштер министрлиги балдарды ар дайым көзөмөлгө алууну сунуштап жатат.

Балдардын жайкы эс алуусу кызыгына келген учур. Бири жайлоодо,  дагы башкасы лагерлерде, аптаптуу ысыктан качып, көлмөлөргө түшүп жатышкандары бар.

Тилекке каршы балдарынын коопсуздугуна маани бербеген ата-энелер бар. Алардын айынан сууга чөгүп каза болгон учурлар көп катталууда. Жыл башынан бери сууга чөккөн 88 адамдын 24түн балдар түздү.

Сууга түшүүгө уруксат берилген көлмөлөрдө атайын куткаруучулар болот. Алар биринчи жардамга керектүү каражаттары менен 10 мүнөт сайын сууну кыдырып турушат.

Сууга чөгүүнүн себептери ар кандай, бирок акыры өкүнүчтүү. Балдардын коопсуздугу улуулардын камкордугунан көз каранды. Мындан улам ички иштер министрлиги ата-энелерге сунуштамаларды берип жатат.

Ошондой эле ИИМ суунун агымы күчтүү, кароосуз калган балыры көп жерлердеги сууга түшпөө керектигин кошумчалайт. Мындан сырткары 15-20 мүнөттөн бир нече жолу сууга түшкөн жакшы. Себеби, сууда көп убакыт болгондо денени калтырак басып, дем алуу кыйындашы мүмкүн. Көпкө чейин күндө болгон балдар сууга секирбеши керек. Анткени сууда муздаганда булчуңдар кысылып, жүрөк токтоп калышы ыктымал. Сууда сузүүнү билбеген адамдар жээктен алыс кетпегени оң.