Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда "Баткен облусунун статусу тууралуу" мыйзам долбоорун жактырды.
Депутут Таабалды Тиллаев экинчи окууда министрлер кабинети депутаттардын каржылоо булактарынын жетишсиздиги тууралуу эскертүүсүн эске алгандыгын, эми мыйзамдын аткарылышына жыл сайын 500 миллион сом караларын билдирген.
Талкуунун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаттары Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө багытталган бир катар сунуштарын айтып, чек ара коопсуздугун камсыз кылуу системасын бекемдөө жана инфраструктурасын өнүктүрүү зарылдыгын белгилешти.
Эске салсак, мыйзам долбоору президенттин тапшырмасы менен Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн натыйжалуу шарттарды түзүү зарылдыгынан улам иштелип чыккан. 2021-жылдын 2-апрелинде өкмөттүн расмий сайтына коомдук талкуу үчүн жайгаштырылган.