21-июль күнү кечинде Ысык-Көл облусунун Балыкчы - Ананьев - Каракол унаа жолунда Lexus жана Mitsubishi үлгүсүндөгү машиналары кагышып, беш киши каза болсо, дагы бешөө аймактык ооруканага жаткарылды.
Чырпыкты айылында болгон кырсыктан каза болгон беш киши тең Mitsubishi унаасында бара жатышкан. Бул жол кырсыгы Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүндө Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталды. Тиешелүү экспертизалар дайындалган. Расмий маалыматка ылайык, 2021-жылдын алгачкы беш айында Кыргызстанда 2 миң 768 жол кырсыгы катталып, 233 киши каза болгон. 4 миңден ашык адам жаракат алган. Бул сандар былтыркы жылдын беш айына салыштырмалуу дээрлик 50% көп.