Жаңылыктар
Баткен облусуна өзгөчө макам берүү боюнча мыйзам долбоору азыркы учурда парламентте каралууда
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен облусуна өзгөчө макам берүү боюнча мыйзам долбоору азыркы учурда парламентте каралууда

Баткен облусуна өзгөчө макам берүү боюнча мыйзам долбоору азыркы учурда парламентте каралууда. Эгер ал кабыл алынса, анын алкагында облусту комплекстүү өнүктүрүү чаралары ишке кирмекчи. Негизги маселе чек ара аймактарында орун алган айылдардын инфраструктурасына, инвестициялык климатка, ошондой эле жол, суу, чек ара көйгөйлөрүнө өзгөчө көңүл бурулмакчы.

Ушул жылдын апрель айында Баткенде болуп өткөн чек ара чыры облуска өзгөчө макам берүү маселесин дагы да тездетти. Президенттин жарлыгы менен Министрлер кабинети буга багытталган мыйзам долбоорун иштеп чыгып, парламентке сунуштаган. Баткенди экономикалык жана социалдык жактан колдоп, салыктык жеңилдиктерди бере турган жана чек ара коопсуздугун арттырууга багытталган мыйзамдар азыркы учурда Жогорку Кеңештин кароосунан өтүүдө.
 
Коңшу эки мамлекет менен чектешкен облуста чек ара гана эмес, жерлердин трансформациясы, инфраструктура баштаган бир катар көйгөйлөрдүн чечилбегени - аймакка жетиштүү көңүл бурулбай келгенин айгинелеп турат.

Түзүлгөн шарт, жеңилдиктер менен бирге каржылык колдоо да өзгөчө мааниге ээ. Келечектүү долбоорлорду финансылык колдоосу жок облусту өнүктүрүү мүмкүн эмес.
 
Азыркы учурда Баткен жана Лейлек райондорунун жабыркаган айылдарында калыбына келтирүү иштери кызуу жүрүп жатат. Биринчи кезектеги тапшырма - жабыркаган үй-бүлөлөрдү турак жай менен камсыз кылуу. Азыр жалпы 176 үй салынууда. Мындан сырткары 8 социалдык мекеме курулуп жатат. 5 мектеп жана 3 бала бакча. Бардык курулуш иштери 1-сентябрга чейин бүткөрүлүп, пайдаланууга берилиши керек.
 
Облуска өзгөчө макам берүү боюнча мыйзам долбоору учурда парламенттин тийиштүү комитеттеринде каралууда, кабыл алынган соң, анын алкагында облусту комплекстүү өнүктүрүү чаралары ишке кирмекчи.