19-20-июль күндөрү болгон селден Баткен облусунун Кадамжай, Баткен, Лейлек райондору зыянга учураган. Учурда келтирилген чыгымдар эсептелүүдө.
Алдын ала маалымат боюнча негизинен турак үйлөр, эгин аянттары, ички жолдор жана арыктар сел сууларына толгон. Мындан сырткары суу мал жандыктарды агызып кеткен. Кырсык катталган жерлерде ӨКМдин куткаруучулары иш алып барышууда. Калыбына келтирүү үчүн жергиликтүү бийликтерден да атайын техникалар бөлүнүп, тазалоо жумуштары жүрүп жатат.
Алдыда 21-июлдан 23-июлга чейинки аралыкта туруксуз аба ырайына байланыштуу күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачындан жарандарга сак болууну эскертишет.