Транспорт жана коммуникация министри Гүлмира Абдралиева Эпкин - Баш-Кууганды жолунун абалы менен таанышкандан кийин бул долбоорду көзөмөлдөгөн Жумгалдагы №24 жол оңдоо башкармалыгынын жетекчиси Зарылбек Моношевди жумуштан алды.
Министрлик тараткан маалыматка ылайык, жолду оңдоп-түзөөгө Азия өнүктүрүү банкы жетиштүү каражат берген. Бирок башкармалык өзүнө тиешелүү милдетти аткарган эмес. Эпкин - Баш-Кууганды жолун курууга байланыштуу тендер ушул жылдын март айынын аягында жарыяланып, беш компаниядан арыз түшкөн. Транспорт жана коммуникация министрлиги Азия өнүктүрүү банкы менен тендерге байланыштуу тактоо иштерин улантууда. Эпкин-Баш-Кууганды тилкеси түндүк-түштүк альтернативдик жолунун бөлүгү.
Эскерте кетсек, аталган райондо айрым жергиликтүү тургундар жолдун абалына нааразы болуп жол бууган болчу.