Жаңылыктар
Баш калаада кыш мезгилине карата даярдыктын алкагында от казандар оңдолууда
Кыргызстан жаңылыктары
Баш калаада кыш мезгилине карата даярдыктын алкагында от казандар оңдолууда

Баш калаада кыш мезгилине карата даярдыктын алкагында от казандар оңдолууда.

Мэриянын маалымат кызматына ылайык, Кайыңды, №86, 21-орто мектептер, шаардык архив, №705 аскер бөлүгүнүн от казандары кышка даяр. Ушу тапта “Бишкек жылуулук энерго” ишканасынын карамагында турган от казандар тазаланып, орнотулган сордургучтар менен электр жабдыктары жана көзөмөл-ченегич аспаптар оңдолууда. 

Жалпылап алганда 66 от казанда жумуштар белгиленген пландан артта калбай сентябрь айына чейин бүтөт.