Сузакта селден кийинки калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканын Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда Сузак - Кара-Дарыя унаа жолунун 4-12, Нефтепром - Үч-Мазар жолунун 1-3, Барпы - Ийри-Суу - Өзгөн жолунун 2-7, Маданият-Майлуу-Суу жолунун 12-15-чакырымында өтүүгө кыйын болуп калган. Ушу тапта Сузак - Кара-Дарыя менен Нефтепром- Үч-Мазар жолдоруна 4 жумушчу, автогрейдер, жүктөгүчү менен кошо тартылган. Маданият- Майлуу-Суу жолун калыбына келтирүүгө көмөктөшүү үчүн №22 жол башкармалыгы Майлуу-Суу шаар бийлигине кошумча техника берүүсүн сурады.